SerepTV Logo

"Мейманкана, имараттар, таштанды төгүлүүчү жай..." Милиция Орхан Инандыны издөө иштерин улантууда

"Мейманкана, имараттар, таштанды төгүлүүчү жай..." Милиция Орхан Инандыны издөө иштерин улантууда

Учурда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тинтүү жана издөө иш-аракеттери активдүү улантылууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, азыркы тапта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иш-чаралары, тинтүү жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. "Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Охран Инандынын болушу мүмкүн болгон жерлердин бардыгын текшерүүдө. Өткөн суткада отель жана мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын бардык аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери жана унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана парк зоналары текшерилди. Активдүү издөө иштери тоо-этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүп жатат. Андан сырткары, кинологдор жана кызматтык иттери издөө иштерине тартылды жана адам өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат. Мындан тышкары, окуяга байланыштуу мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктоо иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. Кечээ, 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.

edita