"Медик болом дечү". Ак-Сууда 18 жаштагы кыз каза болгон окуя тергелип бүттү
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 8-февралда 3 дарыгер жумуш ордунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан соң соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган. Окуя боюнча милициядан дарыгерлердин 18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кармалганын билдиришкен.
- 2023-жылдын июль айында милицияга Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, ак халатчандарга чара көрүүнү суранган. Ал өз арызында 25-июлда ичинин катуу ооруганынан улам 18 жаштагы кызын райондук ооруканага алып баргандыгын билдирген, бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелишкен. Кесепетинен 28-июль күнү кызынын ден соолугу начарлап, аны Тез жардам кызматы алып кеткен. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.