Мечитте барсетканы уурдаган шектүү кармалды
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБисинен кабарлашты.
16-июнда жаран Бишкек шаарындагы мечиттердин биринен белгисиз адам ичинде 15 миң сом, капчык, китеби бар барсеткасын уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты уурулук беренеси боюнча электрондук китепке катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында 1999-жылы туулган жаран уурулукка шектелип кармалды. Анын үстүнөн уурулук беренеси боюнча дагы эки арыз түшкөн. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмышка катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө.