SerepTV Logo

Матраимов эмне үчүн менчик ооруканада жатат? УКМК жооп бере албай жатат

Матраимов эмне үчүн менчик ооруканада жатат? УКМК жооп бере албай жатат
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Райымбек Матраимовдун эмне үчүн менчик ооруканада дарыланып жаткандыгы жөнүндө журналисттерге жооп бере албай жатышат. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да иниси кайсы ооруканага которулгандыгы жөнүндө маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле ал Райымбек Матраимовдун жактоочусуна байланыша албай жатканын да кошумчалады. Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова да журналисттерге кардарына байланыштуу суроолорго жооп берген эмес. Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган. Ошондой эле Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.
Unknown Author