Маркум Айзаданын окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрүн жарыялагандар жазаланды
Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
Жаза алгандар:
- Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А.Экеевге катуу сөгүш;
- Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К.Самаевге катуу сөгүш;
- Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М.Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.