SerepTV Logo

"Манас" аэропортунун кызматкери Кытай жаранынан 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

"Манас" аэропортунун кызматкери Кытай жаранынан 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды
"Манас" аэропортунун кызматкери Кытай жаранынан 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. Кечээ, 17-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3 миң доллар акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.