SerepTV Logo

"Манас" аэропортунда бомба бар" деген шектүү кармалды

"Манас" аэропортунда бомба бар" деген шектүү кармалды
"Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 5-май күнү болжол менен 16:30да милицияга "Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Аэропорттун аймагын текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.
edita