SerepTV Logo

“Манас” аэропортунан декларацияланбаган дары-дармектердин түрлөрү табылды

“Манас” аэропортунан декларацияланбаган дары-дармектердин түрлөрү табылды
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” аэропортунан декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү табылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. «Дары-дармектер убактылуу сактоочу кампага келип түшкөн. Бажы кызматкерлери товарлар декларацияланбагандыгын аныкташты. Жалпысынан 30,2 килограмм ашуун ар кандай аталыштагы дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана 27 таңгак кальян тамекиси табылды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
edita