SerepTV Logo

"Мамлекетке 17 миллион сом зыян келтиришкен". «Кадастр» ишканасынын кызматкерлери кармалды

"Мамлекетке 17 миллион сом зыян келтиришкен". «Кадастр» ишканасынын кызматкерлери кармалды
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-мартта «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын башчысынын орун басары жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси кармалышкан. Алар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды. Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
edita