SerepTV Logo

Ысык-Көлдө мал айдап кеткен жарандын сөөгү жээктен табылды

Ысык-Көлдө мал айдап кеткен жарандын сөөгү жээктен табылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын тургуну 13-июнь күнү мал айдап кетип, бүгүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Айылдын 58 жаштагы тургуну кечээ, 13-июнда таңкы саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка мал жандыктарын айдап кеткен. Саат 18:00 чамасында үй-бүлөсү анын уюлдук телефонуна чалганда өчүк болгон. Улахол айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы үйүнө кайтып келбегендиктен, Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат беришкен. Издөөнүн натыйжасында бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында жарандын жансыз денеси Шор-Булак айылынын Ак-Курчоо участкасынын көл жээк тарабынан табылган. Эмне болуп каза болгону боюнча РИИБи тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө.