SerepTV Logo

Экс-муфтий Максат Токтомушевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту

Экс-муфтий Максат Токтомушевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту
Бүгүн, 11-февралда УКМКнын имаратынын алдына митингчилер чогулду. Алар кечээ камакка алынган Максат Токтомушевдин тарапташтары. Алар Токтомушевди үй камагына чыгарууну талап кылууда. Мурунку муфтий мыйзамсыз камалганын айткан Жоомарт Каныбек уулу: «Баары мыйзамдуу болушун талап кылабыз»,- деди. 10-февралда эртең менен кызматынан бошотулган муфтий Максат Токтомушев кечинде камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. Анын кармалышы ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияга байланыштуу экени айтылып жатат. Буга чейин муфтияттын башкы эсепчиси ири суммадагы пара берүү ишине байланыштуу кармалган болчу.
edita