SerepTV Logo

Майлуу-Сууда прокуратура милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Майлуу-Сууда прокуратура милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду
Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата зомбулук аракеттери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (“дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу”) жана 280-беренеси (“алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. "Текшерүүдө Майлуу-Суу ШИИБнин кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылары аныкталган", - деп жазылат маалыматта. Учурда тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.