Маевкадагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркады
Чүй облусунун Маевка айылындагы жол кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 19-майда болжол менен саат 18:00 чамасында болгон. Жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Фольксваген сүзүшкөн. «Жабырлануучулар аймактык ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алышат. Эки унаа тең айып аянтчасында токтоп турат», - деп айтылат маалыматта.