Маевкада үйдөн өрт чыгып, 89 жаштагы киши күйүк алып көз жумду
Аламүдүн районундагы Маевка айылында үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Үйдөгү бөлмөдө диван күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1932-жылы туулган эркек киши денесинен күйүк алып каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.