Мадумаровдун апелляциялык арызы эртең шаардык сотто каралат
Депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы эртең, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
"Оппозиция лидери Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы 31-октябрда саат 15:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат", - дешти.
Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Депутат Гуля Кожокулова өткөн жумада анын ооруканага которулганын билдирген.