«Мадина» кафесинин ээсинин өлтүрүлүшү. Соттун өкүмү чыкты
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бизнесмен Хуфур Абдурахеманды уурдоо жана өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш ишти карап, айыпталуучуларга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Соттун өкүмү 13-апрелде чыккан. Ага ылайык, К.Э.М., Ш.У.Ш., Б.К.К., Д.В.В. Жазык кодексинин 130-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-2-бөлүгүнүн 2, 5, 7, 14, 15-пункттары менен, 170-берененин (адам уурдоо) 1-2-бөлүгүнүн 1-4-пункттары менен, 202-берененин (каракчылык) 1-2-бөлүгүнүн 1-2-пункттары, 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттары менен жана 360-берене (документти, мөөрдү же штампты уурдоо) менен күнөлүү деп табылып, баары 16 жылга эркинен ажыратылды.
Кылмыш иш Свердлов райондук сотунда 2020-жылдын 23-июнунан бери каралып келген.
Хуфур Абдурахеман 2019-жылы 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран азыр менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнө кеткен.
Маркум «Мадина» кафесинин ээси болчу.
Эки жумадан кийин Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарын облусунун Кочкор районунун аймагынан табылган. 18-октябрда ишкердин өлүмүнө шектүү катары 8 адам кармалган. Анын төртөө күбө катары сурак беришкен.