SerepTV Logo

Lexus унаасы менен 10 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу камакта калтырылды

Lexus унаасы менен 10 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу камакта калтырылды
Lexus 470 унаасын башкара албай калып, 10 жашар кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу 4-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды. 4-октябрда саат 18:30 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунда 11-класстын окуучусу рулду башкара албай калып, Lexus 470 унаасы менен бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды тебелеп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз каза болгон.