Лейлектин тургунунун унаасынан 7 килограмм гашиш табылды (сүрөт)
7 килограмм салмактагы баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
9-декабрда Баткен облусунун Арка айылынын тургунуна тиешелүү Опел үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган болжол менен 7 килограмм салмактагы баңгизат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизат гашиш экени аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="88705,88706,88707,88708"]