SerepTV Logo

Лейлектеги суу-чарба башкармалыгынын кызматкерлери мамлекетке 1 миллион сом зыян келтиришкен

Лейлектеги суу-чарба башкармалыгынын кызматкерлери мамлекетке 1 миллион сом зыян келтиришкен
Лейлек райондук прокуратурасы аталган райондун суу-чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтиришкендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары атайын техника үчүн тетиктерди сатып алуу жана кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жүрүшүндө, мыйзам талаптарын бузуу менен жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышып, анын натыйжасында мамлекетке 151 миң 491 сом зыян келтирилген. Мындан сырткары, алар 854 миң 401 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан. Райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 1 миллион 5 миң 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.