SerepTV Logo

Лейлекте мал сарайда жашырынып жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды

Лейлекте мал сарайда жашырынып жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды
Лейлек районундагы тоолордогу мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 18-июлда Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөнүн 37 жаштагы кармалган. Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталган. Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.