SerepTV Logo

Лейлекте майыптыгы бар адамдардан 5 миң сомго чейин алып жүргөн кызматкерлер аныкталды

Лейлекте майыптыгы бар адамдардан 5 миң сомго чейин алып жүргөн кызматкерлер аныкталды
УКМК Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген. Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы жана врач эксперт тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынган. Аталган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
edita