SerepTV Logo

Лейлекте күйөөсү тарабынан катуу сабалган аял милицияга арыз менен кайрылды (сүрөт)

Лейлекте күйөөсү тарабынан катуу сабалган аял милицияга арыз менен кайрылды (сүрөт)
Күйөөсү тарабынан катуу сабалган аял милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-февралда Лейлек районундагы Андархам айылынын тургуну күйөөсү тарабынан катуу сабалган. Аталган окуя боюнча азырынча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми бул факт боюнча Жазык кодексинин 66-беренесине ылайык (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) кылмыш иши козголгон. Денесинен жарат алган аялга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
edita