SerepTV Logo

Лейлекте катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол жабылды

Лейлекте катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол жабылды
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт  министрлигинен маалымдашты. Тазалоо иштери сел агымы басаңдары менен башталат. Тиешелүү техникалар даяр турат. Ош-Баткен-Раззаков (330-372-чакырымдар аралыгы) унаа жолунда сел жүрүп, тазалоо иштери жүрүүдө, каттам бар.