Лейлекте кайра сел жүрүп, жолдорду жууп кетти
Кечээ, 20-июнь күнү жаандын кесепетинен Лейлек районунун Коргон-Катраң-Өзгөрүш унаа жолдорунун айрым бөлүктөрүн бузуп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
20-июнь күнү саат 15:40тар чамасында жааган жаандын кесепетинен Лейлек районунун Коргон-Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 1-8-чакырымына сел суулары келип, жолдун айрым бөлүктөрүнө кум шагыл түшкөн. Сел суулары токтоп, тазалоо иштерине тартылган жалпы 5 техниканын жардамы менен убактылуу жабылган жол каттамы ачылды. Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы сел өтүүчү сайды бекемдөө боюнча оор жүктөгүч техникасы иш жүргүздү.