SerepTV Logo

Лебединовкада унаа жуучу жай өрттөндү (видео)

Лебединовкада унаа жуучу жай өрттөндү (видео)
Бишкек шаарынын Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 11:00дө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 11:11де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.