Лебединовка айылында 26 жаштагы кызды уурдап кетишти (видео)
Чүй облусунун Лебединовка айылында 26 жаштагы Изат Курбанованы уурдап кетишти. Бул тууралуу анын жакындары журналисттерге билдиришти.
Алардын айтымында, кызды "Шекер" деген дүкөндүн жанынан уунаага салып кетишкен. Окуя болгон учур видеокамерага түшүп калган.
https://youtu.be/9E9aRycXH6E
Бул маалыматты Чүй ОИИБден тастыкташты. Алардын айтымында, арыз менен уурдалган кыздын сиңдиси кайрылган.
"6-май күнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Аламүдүн РИИБге 2001-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамалырында Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин алдында белгисиз бирөөлөр анын эжесин Тойота-Эстима үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, болжол менен кызды алып качууга шектүү баланын аты-жөнү такталып, учурда милиция кызматкерлери анын жашаган дарегине чыгышты", - деп айтылат маалыматта.