SerepTV Logo

Кызыл-Кыядагы мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды. Ал 16 жашта

Кызыл-Кыядагы мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды. Ал 16 жашта
Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 3-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 10-январь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.