Кызыл-Кыяда сарайдан өрт чыгып, 500 тоок жөжөлөрү менен күйүп кетти
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Киргизская көчөсүндө жайгашкан сарайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 40 чарчы метр сарайдын ичиндеги 350 тоок, 150 жөжө күйүп кеткен. Мекеменин айтымында өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.