Кызыл-Кыяда кароосуз калган үйдө 42 жаштагы жаран киши колдуу болду
Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
5-июль күнү саат 20:20 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну экени, маркумдун жансыз денесинин жаткан жер эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медицияналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 49 жаштагы Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.