SerepTV Logo

Кызыл-Кыяда эс алуу багындагы отургучтарды жана таштанды урналарын талкалап кеткендер кармалды

Кызыл-Кыяда эс алуу багындагы отургучтарды жана таштанды урналарын талкалап кеткендер кармалды
21-июнга караган түнү белгисиз жарандар тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы “Достук” аллеясындагы 3 отургуч жана 1 чыгынды салуучу урна талкаланган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери жүрө баштаган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 22-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы эки тургуну аныкталып кармалды. Кармалган өспүрүмдөр тергөө кызматына камсыздалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="244461,244462"]