Кызыл-Кыяда «Дракон» каймана аты менен белгилүү болгон адамды өлтүрүп кетишти
Кызыл-Кыяда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 11-февраль күнү түндө Кызыл-Кыя шаарчасынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Анда мас абалындагы эки тургундун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин таш менен башка койгон.
Мындан улам «Дракон» каймана аты менен таанымал 40 жаштагы Адылбек М. аттуу жаран ооруканага жетпей каза болгон.
Бул боюнча азырынча жергиликтүү укук коргоо органдары эч кандай маалымат берише элек.