Кызыл-Аскердеги бала бакчада сабалган баланын окуясы боюнча териштирүү башталды
18-июнь күнү социалдык тармакта «Кызыл-Аскердеги бала бакча» деген темада видео тараган. Анда баланы аял бурчка алып барып чаап, «өлтүрүп коём, уктуңбу?» деп урушуп жатканын угууга болот. Ал эми бала «чаппа!» деп ыйлаган. Ошол эле күнү бала бакчанын администрациясынан баланын апасы ошол эле бала бакчада ашпозчу болуп иштерин, ал баласын тарбиялап коюу үчүн ушул жолго барганын айтышкан. Баланын апасы видеокайрылуу жасап, баласы жылаңач болуп алып кыздарга жыныстык органын көрсөтүп туура эмес иш кылганын моюндап, кечирим сураган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя РИИБге катталганын билдиришти.
Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда аталган бала бакча менчик экени, 16-июнь күнү саат 12:00дөр чамасында аталган бала бакчада ашпозчу болуп иштеген жаран 2018-жылы туулган уулун уруп жибергени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.