SerepTV Logo

"3 миллион сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан". Жумгал районунда мыйзамсыз иштер аныкталды

"3 миллион сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан". Жумгал районунда мыйзамсыз иштер аныкталды
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын жетекчилиги өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган. Натыйжада, кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарып алынган жалпы суммасы 3 миллион 62 миң 330 сом акча каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.
edita