SerepTV Logo

Кызганычтан улам чет өлкөлүк жаранга бычак сайган өспүрүм кармалды

Кызганычтан улам чет өлкөлүк жаранга бычак сайган өспүрүм кармалды
Чүйдүн Ысык-Ата районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. 27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандын аты-жөнү такталып, ал 1998-жылы туулган жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлүк жаран экени аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндурүш иштери башталган. Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жергиликтүү жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Unknown Author