"Жумуштан кийин кармап, өлтүрөм". Балдарды мушташтырган ата кыздан башка кызматкерге да кол көтөргөн (видео)
Окуя 14-июль күнү соода борборунун биринде болгон. Аталган жаранды камерадан окуяны карап, маалыматты тактоо үчүн администраторго чакырышкан. Териштирүү ишине кызды коргоп калган балдар да киришкен. Ал жактан эркек киши балдарды сөгүп, коркутуп кирген. Администрациядагылар 102 кызматына чалып, милиция кызматкерлерин чакырган учурда жаран баласынан кабар алуу үчүн чыгып кетип, ошол боюнча келген эмес. Милиция кызматкерлери жарым сааттан кийин келген. Окуя боюнча арыз жазылган. Медициналык экспертизанын жыйынтыктары, видео өткөрүлүп берилген. Андан бери 12 күн өттү, иш ордунан жылган жок", - деп билдирген жарандык активист.