"Кыздардын оозуна жыныс мүчөсүн салган". Таласта сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголду
Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча “ыплас аракеттер” беренеси менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Кылмыш иши жергиликтүү тургундун арызынын негизинде козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү тергөө изоляторуна киргизилген эмес.
Буга чейин "Турмуш" басылмасы Талас ШИИБине 4 кыздын ата-энеси арыз менен кайрылганын жазган. Анда алар 1999-жылы туулган кошунасы кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдиришкен. Ата-энелердин биринин айтымында, жигит кыздарды үйүнө алдап киргизип, кийин алардын оозуна жыныс мүчөсүн салган. "Кыздарды ооруканадан текшертебиз. Азырынча ал жактан эмне деп айтышарын билбейбиз", - деген жабыркаган кыздардын биринин ата-энеси.