SerepTV Logo

Араванда жолдо бараткан аялды унаа башка унаага жабыштыра сүздү (видео)

Араванда жолдо бараткан аялды унаа башка унаага жабыштыра сүздү (видео)
Араван районунда аял кишинин катышуусундагы жол унаа кырсыгы иликтенүүдө. Бул туурасында Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 12-апрель күнү түшкө жакын Араван районунун С.Юсупов айыл аймагында белгисиз жаран ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасын түндүктөн түштүккө карай карама-каршы жолдо башкарып бара жатып, жолдун чыгыш тарабынын четинде токтоп турган Жаңы-Араван айылынын 42 жаштагы тургунуна таандык болгон Хюндай-Портер үлгүсүндөгү автоунаасын алды тарабынан койдуруп алган. Натыйжада жолдо бара жаткан жөө жүргүнчү, Араван районунун Пахта-Абад айылынын 26 жаштагы тургуну жогоруда көрсөтүлгөн автоунаалардын ортосунда калып, денесинен жарат алып, алган жараатынан улам Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар даярдалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. [video width="854" height="854" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-video-2021-04-13-at-10.46.16.mp4"][/video]
Unknown Author