SerepTV Logo

"Жигитин тамашага салгысы келген". Кызды ала качып кетти деп пранк кылгандар кармалды

"Жигитин тамашага салгысы келген". Кызды ала качып кетти деп пранк кылгандар кармалды
“102” кызматына чалып “Кызды ала качып кетти” деп тамашага салган (пранк) жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кечээ, 4-июлда саат 19:20 чамасында “102” кызматына Ак-Босого жаңы конушунан 2004-жылы туулган жарандан "кызды унаага салып уурдап кетишти" деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, Лексус үлгүсүндөгү автоунаанын 1999-жылы туулган айдоочусун эки иниси менен Калыс-Ордо конушунан кармаган. Бирок кармалган учурда "уурдалды" деген кыз жигитин тамашалоо максатында, “102” кызматына өзү чалгандыгын тастыктаган. Бул факты боюнча кармалган жарандардын бардыгы андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Биринчи Май РИИБине жеткирилди. Эскертүү иретинде: Милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам өңдүү адистештирилген кызматты билип туруп жалган чакыруу учурларында, Укук бузуулар кодексинин 132-беренесине ылайык, жоопкерчилик тартат.