SerepTV Logo

"Кыз эмес экендигиңди жарыялайм". Москвада жашаган кыргызстандык кызды жигити коркутуп жүргөн

"Кыз эмес экендигиңди жарыялайм". Москвада жашаган кыргызстандык кызды жигити коркутуп жүргөн
Москва шаарында жашаган Кыргыз жараны аны менен мамиледе болгон кошунасы абийириңди ачам деп коркутуп жүргөнүн айтып полицияга кайрылган. Бул тууралуу орусиялык басылма жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Пери (аты-жөнү өзгөртүлдү) менен Талип (аты-жөнү өзгөртүлдү) бир айылда бир мектепте окуп, кошуна турушкан. Мектепти аяктап алгач Пери, анын артынан Талип Москвага иштегени келишкен. Пери кошунасын жумушка орноштуруп, кийинчерээк экөө жакын мамиледе болуп калышат. Талип кызга үйлөнөм деп сөз берип жүрүп, арадан эки жыл өткөн. Эки жылдан кийин Пери мамилени үзөм дегенде жигит анын "кыз эмес" экенин баарына айтып салам деп коркутуп, акча алып, сабап жүргөн. Кордуктан тажаган Пери полиция кызматына кайрылган. Учурда тергөө башталды.