SerepTV Logo

"Күрөө тамырын кескен". Чүйдө 40 жаштагы киши 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды (сүрөт)

"Күрөө тамырын кескен". Чүйдө 40 жаштагы киши 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды (сүрөт)

Чүйдө 40 жаштагы киши күрөө тамырын кесип, 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Токмокто болгон. Саат 20:32 чамасында жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жаран тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүшүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң, ИИМ жана Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Алдын ала маалыматка караганда 1982-жылы туулган жаран мас абалында болгон.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="125700,125701"]