Кыргызстанга аткезчилик жолу менен 175 куту дары-дармек алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Кыргызстанга 2 миллион 680 миң сомго дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя 23-августта Лейлек районундагы Кожо-Бакырган каналынын аймагында болгон.
«УКМК жана ИИМдин кызматкерлери каналдын ары жагында бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушкан. Унаанын ичинде Кыргызстандын 27 жаштагы эки жараны болгон. Унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок 175 куту дары-дармек табылган», - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган баңгизаттын баасы 2 миллион 680 миң 600 сомду түзгөн. Кармалгандар жана жүк кошумча тергөө үчүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилген.