Өлкөгө аткезчилик жол менен алып келинген 53 миллион сомдук зер буюмдар аныкталды
Кыргыз өлкөсүнүн аймагына зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
“2021-жылдын 9-февралында УКМКнын кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 1981-жылы туулган Кыргыз жараны кармалды”, - деп айтылат маалыматта.
Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограммдан ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.