Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды. Аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өтүшкөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адамдар Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.