SerepTV Logo

Кыргызстандык жаранды сабаган белгилүү мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды

Кыргызстандык жаранды сабаган белгилүү мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды

Казак мушкери Бейбут Шуменовго издөө жарыяланганын Tengrinews.kz жазды. Шуменовго издөө жарыяланганы тууралуу билдирүү 22-июлда укуктук статистика жана атайын жазуулар порталында пайда болгон.

Мушкер колунда баласы бар адамды сабап салгандан кийин бейбаштык боюнча айыпталган.

18-июнда мушкер Бейбут Шуменов кафелердин биринде кыргызстандыкка кол салып, аны сабап салган. Окуянын видеосу соцтармактарга тараган.