SerepTV Logo

Кыргызстандан Казакстанга жарандарды, акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөн делип 3 жаран кармалды

Кыргызстандан Казакстанга жарандарды, акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөн делип 3 жаран кармалды
Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (кылмышка кошо катышуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун Манас районунун 3 жергиликтүү тургуну аныкталып, кармалышкан. Аталган тургундар чек араны контролдоо пунктунан тышкары жерден Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын кесилишинен жарандардын мыйзамсыз алып өтүүгө, акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.
edita