SerepTV Logo

6 тонна кумшекерди Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

6 тонна кумшекерди Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 6 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып бараткандыгы аныкталган. Айдоочуда товарга тиешелүү документтер болгон эмес.