SerepTV Logo

Кыргызстанда бир жылда балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр көбөйдү

Кыргызстанда бир жылда балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр көбөйдү

Кыргызстанда бир жылда балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары көбөйдү. Бул тууралуу журналисттерге ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын тогуз айында жашы жете электерге карата 326 зомбулук фактысы катталган. Балдарды сабоо учурларынын көбү Бишкекте катталат. «Борбор калаада балдарга карата 90дон ашык зомбулук фактысы катталды. Азыр 112 иш тергелип жатат, 158и токтотулду, 9у кыскартылды, 47си сотко жөнөтүлдү. Кордуктун көбү кыздарга карата жасалган», - деди Нуржан Адылова.

Быйыл жашы жете электерге 146 убактылуу коргоо ордери берилген. Алдын алуу иштери жүрүп жатканына карабай, балдарга карата зомбулук фактылары уланууда жана алардын саны өсүүдө.