SerepTV Logo

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 4 миңден ашуун адам жол кырсыктан каза тапкан

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 4 миңден ашуун адам жол кырсыктан каза тапкан
Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыңдоо максатында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечими кабыл алынды. Бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди. Министрдин айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда расмий түрдө 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 639 адам ар кандай жаракаттарды алган. «Айдоочулардын күнөөсү боюнча 28 миң 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9 пайызды түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70 пайызы эмгекке жарамдуу курактагы адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алагандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр - жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү, же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда», - деди министр. Акылбек Жапаров бул чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгиледи.