SerepTV Logo

Кыргызстанда 6-мартта эртең менен жер титиреди

Кыргызстанда 6-мартта  эртең менен жер титиреди
Бүгүн, 6-март күнү эртең менен күчү 4,9га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европанын жер ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) билдирди. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:13тө катталып, очогу 5 чакырым тереңде экени маалым болгон. ​Жер титирөөнүн эпицентри Каракол шаарынан түндүк-батышты көздөй 49 чакырым алыстыкта экени айтылды. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Unknown Author