SerepTV Logo

Кыргызстанда 6 айда 38 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 20сы жаш балдар

Кыргызстанда 6 айда 38 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 20сы жаш балдар
Ушул жылдын алты айында суу кырсыганан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди. "Анын ичинен 14ү эркек киши, төртү аял киши, 20 жаш бала",- деди ал. Ал ошондой эле быйыл сел кырсыктары көп кататталганын билдирди. "Селдин кесепетинен 22 өзгөчө кырдаал катталды. 2731 объект, анын ичинде 46 социалдык объекти, ошондой эле жолдор жабыркаган. Эң көп сел Сузак районунда болуп, анда 838 үй жабыркады",- деди ал.